
ММА мушкери Манас Эркул уулу асынып алды. Бул маалыматты Ош ШИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, окуя 16-январда Ош шаарындагы жеке үйлөрдүн биринде болгон.
"Маркум Алайдан Ош шаарындагы туугандарынын үйүнө келип, алар бир жакка чыгып кеткенде дааратканага барып асынып алган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Сөөгүн Алайга алып кетишти", – деп билдирди басма сөз кызматы.
Манас Эркул уулу грэпплинг боюнча өлкөнүн 6 жолку, Азиянын эки жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда грэпплинг боюнча коло байге уткан. Ошондой эле ал WEF уюмунда дагы беттештерге катышып, 3 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.