
2022-жылдын 18-январына карата алынган ыкчам маалыматка ылайык өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2334 мектептин 26сы онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда – 10 мектеп. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, андан тышкары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Чүй облусунда 55 класс, Бишкек шаарында – 9 класс, Талас облусунда – 6 класс, Нарын облусунда – 3 класс, Ош облусунда – 2 класс, Ысык-Көл облусунда – 1 класс.
Белгилей кетчү нерсе, Талас облусу боюнча 6 класс онлайн-окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлдү.