
Кыргызстанда калктын 47%ы эмдөөдөн өткөн. Мындай маалыматты брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Жалалидин Рахматулаев эмдөө - COVID-19 жана анын штаммдарына каршы күрөшүүдө эң эффективдүү чара экенин белгиледи.
"Азыркы күндө өлкө боюнча 860тан ашык эмдөө пункттары иштеп жатат. Мен бардык жарандарыбызды эмдөөдөн өтүүгө чакырам. Ошол эле учурда алдын алуу чараларын унутпашыбыз керек: беткап тагынуу, колдун гигиенасы, антисептик колдонуу жана бөлмөлөрдү желдетүү. Эгерде сизде оорунун белгилери пайда болсо, үйдө калыңыз жана үй-бүлөлүк дарыгериңизге же 118 ыкчам номерине байланышыңыз", - деп кошумчалады КР саламаттык сактоо министринин орун басары.