Казакстандагы башаламандыкта көз жумгандардын саны 227ге жетти

Казакстанда январь айындагы башаламандык учурунда жабыркап, ооруканада жаткан дагы эки киши каза болду. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ажар Гинияттын маалыматы боюнча, ушуну менен көз жумгандардын саны 227 адамга жетти.

Жапырт башаламандык учурунда жараат алган 200 киши ооруканада дарыланууда, 14 бейтаптын абалы оор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД