Ак Үйдүн алдында митинг өтүүдө

Бишкек шаарында депутаттык топко нааразы болгон Кесиптик кошуундар бирлигинин өкүлдөрү Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу VB.KG`ге Кыргызстан Куруучулар профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтымында азыр 50дөй адам Ак Үйдүн алдына чогулган.

"Биздин нааразылык акцияга чыгуубуздун себеби "Кесиптик кошуундар жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдаган Гүлкан Молдобекова башында турган депуттаттык топтун мыйзамсыз аракети. Анткени аталган мыйзамды президент вето коюп артка кайтарган. Атайын нормаларга ылайык, аны кайра иштеп чыгууга макулдашуу тобу түзүлүп, ага бул мыйзамга кызыктар тараптардын баары кириши керек болчу. Жок булар эч нерсеге баш ийбей аталган топко, Кесиптик кошуундардын бирлигинен бир да өкүлү киргизишкен жок. Бүгүн парламент жыйынында макулдашуу тобу түзүлөт, алар биздин үндү укпагандан кийин мына ушундай кадамга барып, өз укугубуз үчүн көчөгө чыгууга мажбур болуудабыз" - дейт Карачалов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД