Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен жылкы өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен жылкы өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 18-январь күнү Пульгон айылы менен чектешкен Өзбек Республикасынын Фергана районунун Кара-Жантак айылы менен чектешкен чек аранын алдында Хундай-Портер үлгүсүндөгү эки унаада 4 (төрт) баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбек республикасына өткөрүшүп жатканда колго түшүрүшкөн.

Бул маалымат Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүно өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД