Милиция аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам таксисттердин унааларын текшерүүдө

Аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү алыскы аймактарга каттаган таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан сырткары башка аймактарга каттаган таксилердин айдоочуларына калың туман болуп, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүүдө.

Кызматкерлер чыгыш жана батыш Автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман, жана башка каттамдарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, авто унаанын техникалык абалын, түнкүсүн туманга каршы жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген аптекелык дары дармектерин текшерүүгө алууда.

Ошондой эле айдоочу каттамдан келгенден кийин, сөзсүз бир күн эс алып, психологиялык жактан толук даяр болуп, анан кана каттамга чыгуу эскертилүүдө. Ошондой эле шаар ичиндеги каттамга чыккан коомдук транспортторго эртеменен каттамга чыккан учурда сөзсүз түрдө наркология бөлүмүнөн өтүп, техникалык көзөмөлдөн текшерилип, анан кана каттамга чыгуу керек экендиги эскертилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД