
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын энтомологтору "Орок" конушунда табылган курт-кумурскалардын зыяны жок экенин аныкташты. Жылуу аба- ырайына байланыштуу бул курттар жердин астынан жаз мезгилине чейин ойгонуп чыгышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул курт-кумурскалар жашыл чөп менен азыктанып шаардын ичинде дагы кездеши мүмкүн. Энтомологдордун айтышы боюнча аба -ырайынын өзгөрүлүшү менен, күндүн суукташын бул курттар көтөрө албай өлүшү мүмкүн.
Ишкананын адистери видеонун автору менен байланышка чыгып, жакын арада "Орок" конушуна барып бул курттардын келип чыгышын аныкташарын белгилешти.