
Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги каралды.
Алгач сунушталган талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талкуу учурунда депутат Надира Нарматова талапкердин иши боюнча ким жоопкерчилик аларына кызыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов: "Президент баш болуп, Министрлер кабинетинин жалпы жамааты сунушталган талапкер боюнча толук жоопкерчилик алабыз", – деп жооп берди.
Ал эми депутат Эмиль Токтошев Кыргызстанды санариптештирүүнүн абалы кандай экенин сурады.
Талантбек Иманов көйгөйлөр менен катар жетишкендиктер да бар экенин белгилеп, КМШ өлкөлөрү арасында алгач ирет биометрикалык паспорт колдонууга киргизилгенин кошумчалады.
Ошондой эле депутат Камила Талиева: "Мамлекеттик кызматта бир күн да иштебепсиз. Саясий чоң кызматка моралдык көз караштан алганда даярсызбы?" – деген суроо койду.
Министрликке талапкер көптөн бери ойлонуп чечим кабыл алганын белгилеп, жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди.
Депутат Таалайбек Масабировдун: "Жыл сайын санариптештирүү иштерине 500 млн сом бөлүнүп турган экен. Бирок каттарды кабыл алган жөнөкөй эле электрондук почта киргизилбептир. Каражаттар кайда кеткен?" – деген пикирине Талантбек Иманов: "Так тапшырманын белгиленбегендиги жана адистердин жетишсиздиги ишти солгундаткан",– деп жооп берди.
Андан тышкары депутат Медербек Алиев сунушталган министрди калкты төйлөө борборлорун күчтөндүрүп, иш сапатын жогорулатууга көңүл бурууга чакырды. Муну менен катар депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу маселелерине токтолушту.
Талкуу соңунда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлигине макулдук берүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.