Жогорку Кеңеште коронавируска каршы жүргүзүлүп жаткан чаралар талкууланууда

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү маалыматы каралып, бир катар көйгөйлөр менен катар сунуштар айтылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында депутаттардын суроолоруна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган тиешелүү мекеме өкүлдөрү жооп берүүдө.

Алсак депутат Дастанбек Жумабеков илдет боюнча маалыматтык колдоо начар болуп жатканын белгилеп: "Бет кап кийүү маселеси унут калды. Ошондой эле дары-дармектердин наркын да көзөмөлдөө учур талабы", – деди.

Ошондой эле депутат Жаныбек Кыдыкбаев: "Кыргызстанга киргизилип жаткан дары-дармектердин натыйжалуулугу текшерилеби? Анткени арзан дарылар келбей, баасы кымбат дарылар сунушталууда", – деди.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: "Экологиялык жана башка өзгөрүүлөргө байланыштуу дары-дармектердин да натыйжалуулугу өзгөрүүдө. Бирок, ар бир дары түрү алгач текшерилип, анан Кыргызстанга киргизилет", – деп жооп берди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев COVID-19ду аныктоочу ПЧРдин наркын төмөндөтүү зарылчылыгына токтолсо, депутат Таалайбек Сарыбашев: "Эрежелерди катуулатып, беткап тагынууну талап кылуу шарт. Антпесек абал курчуп кетет", – деген оюн айтты.

Андан тышкары депутат Нуржигит Кадырбеков жеке менчик дарт аныктоо жайлары кымбат экенин жүйө келтирип, мамлекет арзан дарт аныктоо жайларын ачуу керектигин кошумчалады.

Депутат Жаныбек Абиров медицина тармагын санариптештирүү качан аяктаарына кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри Бишкек шаары боюнча санариптештирүү 1-апрелде, Кыргызстан боюнча 1-июнда аяктарын маалымдады.

Талкуу суроо-жооп иретинде уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД