Жаңы Салык кодексине кол коюлду

Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.

Кодекс менен салык салууга карата 2 негизги ыкма каралган:

- пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн сомдон жогорку болгон ири бизнес субъекттери тарабынан колдонулат.

- бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттерине жайылтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД