Байсалов: Азыр Кыргызстанда камалбаган саясатчы деле калган жок

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов Талант Имановдун буга чейин кармалып кылмыш иши козголгонун айтып, ал иштин жыйынтыгы кандай болгонуна кызыкты.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"Азыр Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калган жок. Бардыгыбыз, мына мамлекет башчыдан баштап соттолуп, керек болсо бир жылдап шектелип абакта жаттык. Шектелүү, камалуу оңой болуп калган. Ошондуктан, биздин жаш талапкердин атына өтө эле көп шектер айтылып жатат. Жогорку Кеңеште текшерилбеген "бир ай камалып чыккансың" деген маалыматтар айтылып жатат. Бул эми калп, мындай факт болгон эмес. Болсо болгондур балким, бирок сот тарабынан күнөөлүү деп табылбагандан кийин президент тарабынан ишеним көрсөтүлүп жатат. Учурда жоопкерчиликтин баары президентибиздин мойнунда. Ошондуктан ал киши өзү да таразалап көргөндүр. Жогорку Кеңешке алып келинип жаткандан кийин менин оюмча текшерүүдөн өткөн", - деди Байсалов.

Ошондой эле ал Имановго президент баш болуп жоопкерчилик алып жатышканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД