COVID-19: Вирус 870 адамдан аныкталды

Бүгүн, 20-январга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Илдет аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталды:

Бишкек шаары – 600

Ош шаары – 10

Чүй облусу – 161

Ош облусу – 16

Талас облусу – 18

Нарын облусу – 2

Ысык-Көл облусу – 13

Жалал-Абад облусу – 23

Баткен облусу – 27

Өлкөдө коронавирус илдетине жалпы 193 028 адам кабылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД