Бажы кызматынын төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун чечими менен Кубанычбековго карата 17-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда УКМК тарабынан коррупция беренеси боюнча кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД