Бишкекте жалпы 20 мектеп онлайн-окутууга өттү

Бишкекте дагы төрт мектеп онлайн-окууга өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №70, 5, 28 жана 61 орто мектептер карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алмакчы.

Буга чейин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкекте 13 мамлекеттик мектеп карантинге жабылганын маалымдаган. Алар: № 26, 88, 62, 60, 73, 12, 4, 38, 67, 11, 29, 18, 6 орто мектептери.

Муну менен 19-январга карата ордо калаада 20 мектеп онлайн-окууга өттү. Мындан тышкары, бир катар жеке менчик мектептер да карантинде экени белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД