Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу кыз кармалды

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган адамды аныкташты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-январда саат 16:00дө айдоочу Байтик баатыр көчөсү менен бара жатып Кулатов көчөсүнө чейинки жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан адамды сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан 36 жаштагы К.М. аттуу аял киши жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Ыкчам издөө иштеринен кийин "Хонда-Фит" унаасынын 23 жаштагы Н.С. аттуу кыз окуяга шектелип кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки экспертиза дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД