Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 13-14-январда Дене тарбия жана спорт академиясында болуп, спортчулар 16-17 жаштагы, 18 жаштагы жана андан жогорку жаштагы топтордо ат салышышты.

Жарышка Бишкек, Ош шаарларынан жана өлкөнүн бардык облустарынан болуп 300дөн ашык спортчу катышты.

Чемпионатка катышуучулар узакка жана бийиктикке секирүү, ядро түртүү, 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 метрге жана тоскоолдуктар менен 60 метрге чуркоодо күчүн сынашты.

Жеңүүчү аталган жана байгелүү орундарга илинген спортчуларга диплом жана медаль менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД