Маршруттук таксилердин маселесин мэрия чече албай жатат. Бул тууралуу Дастан Бекешев бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Маршруттук таксилерде кандай көйгөйлөр болуп жатат? Бул маселени мэрия чече албай жатат. Коомдук транспорт маселесин карасак автобус, троллейбус алуу керек. Өкмөткө тапшырма берүү шарт", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок.
Ал эми 1-июнь күнү муницпалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу
Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январь күнү 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.