Бомба коюлган деп маалымат түшкөн. "Азия Молл" соода түйүнү курчоого алынды

Бүгүн, 20-январда болжол менен саат 15:31де Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан "Asia Mall" соода борборунун имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат түшкөн. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук ичк иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги барышкан.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган, ошондой УКМКнын кызматкерлери да тартылды. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүүдө.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД