2-июндун аба ырайы

2-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД