Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечим Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) бүгүн, 20-январдагы отурумунда кабыл алынды.

Ага Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө КР УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгондугу айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД