"Акнет" компаниясы Олимп оюндарын трансляциялоо укугуна ээ болду

"Акнет" компаниясы Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарын жана Пекин Кышкы Олимпиада оюндарын трансляциялоо үчүн расмий лицензия ээси болгонун билдирүүгө кубанычтабыз!

28-майда "Акнет" компаниясынын президенти Нурбек Абасканов менен КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев Олимпиада оюндарын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул компания үчүн дагы, жалпы Кыргыз мамлекетиндеги медиа мейкиндиги үчүн дагы маанилүү окуя.

КТРК менен биргеликте Олимпиада оюндарынын сапаттуу берүүсү камсыздалат, КТРК буга чейин дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды көрсөтүү боюнча эбегейсиз тажрыйбага ээ экендигин эске алабыз!

2020-жылкы Олимпиада оюндарын КТРК жана КТРК-спорт телеканалдарынан бардыгы көрө алышат, бул эки телеканал тең башка провайдерлердин тармактарында жана мамлекеттик санариптик телекөрсөтүүлөрдүн жыштыктарында бар.

"Акнет" компаниясынын колдоосу менен бардык көрүүчүлөр жана спорт күйөрмандары дүйнөлүк спорттук иш-чараларды түз эфирде көрө алышат.

Компания абоненттер үчүн Олимпиаданы сапаттуу жана ыңгайлуу көрүүнү камсыз кылууну пландап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД