"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 21-январь саат 15:00го Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин төрт жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.