Өзбекстанда мектептер бир айга онлайн форматка өттү

24-январдан тарта бир ай бою Өзбекстандын мектептери, университеттери, лицейлери жана кесиптик билим берүү мекемелери онлайн режиминде окуу процессин баштайт. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул чечим мамлекеттик эмес окуу жайларына да тиешелүү.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссия мындай чечимди балдар жана жаштар арасында коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын жайылышын алдын алуу максатында кабыл алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД