"КРдагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров ""Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айылдарга географиялык объекттерди табууга, изилдөөгө, өнүктүрүүгө же түптөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары менен атоо жана кайра атоо учурларына, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын жана тарыхий ишмерлердин мамлекетке эмгеги сиңген өкүлдөрүнүн ысымдары, ошондой эле айрым объекттерге жоголгон, бирок мурдагы жана азыркы кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү учурларына жол берүүгө багытталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД