Акын Какен Алмазбековдун чыгармачылыгына арналган маараке болуп өттү

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин Маданият үйүндө акын Какен Алмазбековдун чыгармачылыгына арналган маараке болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маараке ЖАКнын Департаментинин жетекчилигини колдоосу менен ишке ашырылды.

Кечеде акындын өмүрү, чыгармачылыгы, басып өткөн жолу эскерилди. Какен Алмазбековдун калемине таандык обондор аткарылып, таанымал ырларынын топтому менен тааныштырылды.

"Поэзия ордосу" көркөм адабий клубу атайын "Какен Алмазбеков" атындагы төш белгини чыгарган.

Ал төш белги төмөндөгү критерийлер менен тандалып берилмекчи. Акындын өмүрүн, чыгармачылыгын изилдеген окумуштууларга, обондуу ырларын чеберчиликте аткарган ырчыларга, таланттуу акындарга, кыргыз маданиятына кошкон салымдары үчүн ар жылы берип туруу пландалган.

Акын1934-жылы 13-июлда Сокулук районундагы Шалта айылында төрөлгөн. Фрунзедеги №5-кыргыз орто мектебинен билим алган.

К. Алмазбеков колунан калемин түшүрбөй окурмандардын, угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк таба тургандай ырларды, айтыштарды, термелерди жазган. "Жыргал", "Мелдеш", "Ырлар", "Кимде айып" аттуу ырларынын, термелеринин, дастандарынын жыйнактарын басмалардан чыгарат.

Акындын "13 жашаар баланын каты", "Кырсыктан жаштар алыс бол", "Эненин арманы", "Саламадашуу", "Кыргыз көчү", "Айсаранын арманы" сыяутуу чыгрмалары калың калк алдына элдик ыр болуп ырдалып журот. 1991-жылы дүйнөдөн кайткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД