Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды

Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын 16-январында жоголгон 15жаштагы Азимбаев Жоламан менен Камалов Кылычбектин жүргөн жерлери аныкталып, Бишкек шаарынан 21-январь күнү алынып келинди.

Азыркы учурда 2 жаш өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Табылган балдардын ден соолуктары жакшы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД