Омикрон: дүйнөдө абал кандай?

Коронавирус илдетине чалдыгуу боюнча антирекорддор акыркы суткада Францияда, Сербияда, Молдавияда катталган. Европа өлкөлөрүнүн бийликтери жаңы санитардык чектөөлөрдү киргизишүүдө. Бул ирет кеп тигил же бул себептерден улам коронавируска каршы эмделбегендерге же эмдөөнү тиешелүү түрдө өлкөдө иштеп жаткан эрежелерге ылайык тариздебегендерге карата кысымдын күчөшү тууралуу болуп жатат.

Франциянын Улуттук жыйыны санитардык уруксат кагаздары тутумун күчтөндүрүү тууралуу мыйзам кабыл алды: мындан ары коронавируска каршы толук эмделгендер гана кафе, ресторан, музей, театр жана киного баруу, ошондой эле шаарлар аралык сапарлар үчүн зарыл болгон сертификатты ала алышат.

Германия барлар жана ресторандарга баргандарга чектөөлөрдү күчөтүүдө, алардан кирип келе жатканда толук эмдөө, ошондой эле коронавируска тесттин терс жыйынтыгы тууралуу маалым катты көрсөтүү талап кылынат.

Кыйла катуу чектөөлөрдү Исландияда да киргизишүүдө, мында оорунун омикрон аркылуу козголгон бешинчи толкуну белгиленди. Мында 2-февралга чейин он адамдан ашык чогулууга болбойт, бардык барлар жабык болот.

Португалияда алдыдагы жалпы шайлоодо шайлоо тилкелеринде иштегендердин бардыгына бустердик эмдөө жасала баштады. Эми юстиция органдары илдетти жугузган же обочолонуудагы шайлоочулар добуш берүүгө киргизилерин же жоктугун чечиши керек. Өлкөдө жашоочулардын дээрлик 90% эмделип, 36% ашыгы үч жолу эмделген шартта да жогорудагыдай чаралар көрүлүүдө.

Нидерландда 19-декабрдан тартып омикрон штаммынын жайылышынан улам Европадагы эң катаал чектөө чаралары киргизилди. Бешинчи жолку локдаун киргизилип, мектептер, ресторандар, барлар, биринчи зарылдыктагы эмес дүкөндөр, театрлар, кинотеатрлар жана музейлер жабылган. Бийлик миңдеген адамдардын каршылык акциялары уланып жатканына жана каршы чыккандардын полиция менен кагылышууларына карабастан, чектөөлөрдү алуудан баш тартышууда.

Каршылык акциялар Италиянын борборунда да өтүп жатат. Мында адамдар көпчүлүк коомдук жайларга баруу үчүн Super Green Pass (эмделген же ковид менен ооруп айыккан адамдын сертификаты) талап кылынып жатканына нааразы.

Грециянын өкмөтү коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын албаган жашы 60тан жогору адамдарга ай сайын төлөөчү айыппул киргизген. Медициналык каршы көрсөтмөсү жок эмделбегендерге 600дөн 3600 еврого чейинки айыппул салынат.

Канададагы Квебекте эмдөө албагандарга алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салышты, эми алар сертификатсыз дүкөнгө дагы кире алышпайт. Дүкөндөрдүн кызматкерлери аларды күзөт менен камсыздоону талап кылышууда. Провинциянын бийлиги эмдөөдөн өтпөгөндөрдөн саламаттык салыгын төлөтүүнү пландап жатышат, мыйзам долбоору жакында Улуттук ассамблеяда талкууланат.

ЖМКларда авторлору омикрон жеңил өтөрү, ал тургай ал эмдөөнүн да ордун басып кетиши тууралуу көптөгөн маалыматтар чыгып жатат. Ал арада ар кыл өлкөлөрдүн алдынкы медициналык адистери мындай бүтүмдөрдү чыгарууга эрте экенин, жай отурууга азырынча убакыт келе электигин эскертишүүдө.

Омикрон экиден беш жашка чейинки балдар үчүн кооптуу экендигин РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы билдирди: бул курактагы балдарда COVID өйдөнкү дем алуу органдарын жана бронхаларды жабыркатуу менен өтөт, мындан тышкары, омикрондо аларда бронхиолит учурлары аныктала баштады, мында ооруканага жаткыруу талап кылынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД