Сүлүктү шаарында аккмулятор уурдаган деп шектелип 6 өспүрүм кармалды

Сүлүктү шаарында аккмулятор уурдаган деп шектелип 6 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-январынан 18-январына өткөн түнү "РИО" ЖЧКсына тиешелүү болгон КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасы Сүлүктү шаарындагы көчөдө токтоп турган жеринен, белгисиз жарандар тарабынан эки даана аккумуляторун уурдап кеткендиги боюнча Сүлүктү шаарынын 34 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Бул арыз Сүлүктү ШИИБнин КБРне КР Жазык кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Натыйжада жабырлануучуга 26 миң сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлери тарабынан 20-январь күнү 16 жаштагы бир өспүрүм, 15 жаштагы төрт өспүрүм жана 13 жаштагы 1 өспүрүм аныкталып, кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми уурдалган аккумулятор өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД