Штаб: "Вирустан сактоо үчүнчү доза менен жакшырат"

Вакцинанын эки дозасы мурдагыдай эле омикрон штаммы тарабынан козголгон оорунун оор түрдө өтүшүнөн сактайт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

АКШ жана башка өлкөлөрдүн алдын ала изилдөөлөрү көрсөткөндөй, вирустан сактоо үчүнчү доза менен жакшырат. Үчүнчү доза омикронго каршы антителолордун деңгээлин калыптандырат, аны коронавирустун башка штаммдарына каршы эки дозадан кийин пайда болгону менен салыштырууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД