Кыргызстанда 22-январга карата коронавирус 791 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 22-январга карата коронавирус 791 адамдан аныкталды.
Бишкек шаарында –488,
Ош шаарында – 7,
Чүй облусунда – 185,
Ош облусунда – 8,
Талас облусунда – 9,
Нарын облусунда – 7,
Ысык-Көл облусунда – 17,
Жалал-Абад облусунда – 39,
Баткен облусунда – 31 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкса, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1129 бейтап, амбулатордук түрдө 6 697 адам дарыланууда.