Алымкадыр Бейшеналиев Роспотребнадзордун жетекчиси менен жолугушту

2022-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы, башкы мамлекеттик санитардык врач Анна Попова менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы калктын ден соолугун коргоо жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү, анын ичинде биологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Россия тарапка көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бүт дүйнө жүзү күрөшүп жаткан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасына кошкон салымын баса белгиледи. "Орус тарап ар кандай маселеде ишенимдүү өнөктөш болуп келген жана болуп саналат. Учурдагы биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз SARSCOV-2 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу жана минималдаштырууга багытталган. Лабораторияларды заманбап жабдуулар менен жабдууга, өлкөбүздө жайылып жаткан коронавирустун бардык геномуна үзгүлтүксүз тереңдетилген филогенетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, адистерибиздин квалификациясын жогорулатууга, ПЦР-изилдөө топтомдору жана Россия өндүрүмүндөгү вакциналардын бир нече партиясы түрүндө көрсөткөн техникалык колдоосуна ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Коомубуздун бакубаттуулугу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуунун уланарына ишенем", - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

"Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу - биз ишке ашырып жаткан приоритеттүү жана гуманитардык багыт. Россия Федерациясынын ар түрдүү тармактардагы долбоорлорунун алкагында жеткирилген мобилдик лабораториялардын эффективдүү иштеши Кыргыз Республикасында диагностика жасоого олуттуу көмөк көрсөтүп жатканы бизди абдан кубандырат. Албетте, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар менен күрөшүү боюнча бир катар долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу , аларды чечүү жолдорун бирге табуу - Россия Федерациясындагы да, Кыргыз Республикасындагы да адамдардын ден соолугун сактоого багытталган. Ал эми мындай тыгыз кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөр үчүн өтө маанилүү", - деди Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова.

Ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, SARSCOV-2 вирусунун көптөгөн мутацияланган штаммдарынын пайда болушу жана коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүүдөгү натыйжалуу алдын алуу чаралар талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД