Кыргызстандын футзалчы кыздары Тажикстандын командасы менен тең чыкты

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Душанбе шаарындагы CAFA Women"s Futsal Championship эл аралык мелдешинин алкагында өткөн оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Бүгүн, 22-январда эл аралык турнирдин экинчи оюн күнүндө Кыргызстан Өзбекстандын курамасына каршы беттешет.

Эскерте кетсек, CAFA Women"s Futsal Championship эл аралык мелдеши 19-29-январда Тажикстанда өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД