Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда басма сөз жыйында билдирди.
"Шайырбек иним менен сүйлөштүм. Бир үйдө бир эле саясатчы болсун, мандатыңды тапшырып бер деп көндүрдүм. Ал дагы макул болду, тапшырып берет", – дейт Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Бул кадам коомчулукта нааразылык жаратып, ар кандай кептерге жем таштаган.