Түштүк Корея:Кинотеатрлар билеттерин эмдөөдөн өткөндөргө 2 эсе арзан сатат

Түштүк Кореяда кинотеатрлар COVID-19дан эмделген жарандарга 50%дык жеңилдик берет.

Маалым болгондой, коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алган жарандар эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатын көрсөтүп, билетти 50-60%га арзан ала алышат.

Бул акция өлкө өкмөтүнүн калкты эмдөөдөн өткөрүү иштерине колдоо жана пандемиядан бери бош калган кинотеатрларга көрүүчүлөрдү тартуу үчүн өткөрүлүүдө. Акция июнь айынын аягына чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД