Милиция Болот Темиров эмнеге айыпталып жатканы боюнча маалымат берди

Журналист Болот Темиров сатуу максатын көздөбөстөн баңгизатты мыйзамсыз даярдоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүндө (Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана 287-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) негизинде козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

22-январь күнү А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 25-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин достору менен бирге баңги затын (гашиш) колдонууга көндүрүүгө аракет кылган Болот аттуу белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Ал жер Бишкектин Сухомлинов көчөсү, №52А дарегинде жайгашкан боз үйдүн жанында, ошондой эле Бишкектин Логвиненко көчөсү, №55 даректе жайгашкан кеңседе.

Ошол эле күнү журналист Темиров Болот Маматкасымовичке таандык Логвиненко көчөсүндө жайгашкан кеңседе тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда Б.М.Темировдон полиэтиленге оролгон баштыкча табылып, анын ичинен салмагы 7,79 граммды түзгөн кара күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат салмагы 7,77 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болгон.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Турусбеков-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан Назаров Болотбек Койчубаевич аттуу жаран кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылып, анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры "гашиш" болгон.

Маалым болгондой, бүгүн, 23-январда Кармалган Назаров Болотбек Койчубаевич Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле бүгүн №03-051-2022-000013 кылмыш ишинин ичинен журналист Темиров Болот Маматкасымовичке таандык Логвиненко көчөсүндөгү кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, желим боо баңги заты алынган материалдар алынды.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 23-январында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Темиров Болот Маматкасымович кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Шектүү Темиров Б.Мга карата сыртка чыкпоо тил каты баш коргоо чарасы тандалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД