Болот Назаровго карата сыртка чыкпоо тили каты түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башмармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралат.
Эскерте кетсек, Болот Назаров жана Болот Темиров КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана 287-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектелүүдө.