Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 426 учуру катталды. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек - 314
Ош шаары - 10
Чүй облусу – 44
Ош облусу – 0
Талас облусу - 4
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 18
Баткен облусу – 22
Жалпы - 195 820
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 589 адам. Жалпы - 183 517.
Каза болгондор - 2. Жалпы - 2851.
Азыркы тапта стационарда 1176 жана амбулатордук түрдө 6780 адам дарыланып жатат.