Баткенде жоголгон мал ээсине кайтарылды

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын 47 жаштагы тургунунун 3 баш бодо малы 2021-жылдын октябрь айларында Өзбекстан Республикасынын Фергана облсунунун Сох району менен чектешкен жерде жоголуп кеткен.

Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев Сох РИИБнин начальниги менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, эки тараптын милиция кызматкерлери кызматташып, 2022-жылдын 23-январь күнү жоголгон 3 баш бодо мал 2 торпогу менен Өзбекстан Республикасынын кайтарылып алынды.

Кайтарылып алынган малдар өз ээсине өткөрүлүп берилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД