Талас облустук милициясы 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

2022-жылдын 24-январь күнү Талас облустук ички иштер башкармалыгы 2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Жыйында ѳткѳн жыл аралыгында кетирилген кемчиликтер менен жетишкендиктер белгиленип, алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер бекитилди. Ошондой эле, ѳткѳн жыл аралыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндѳ ѳздѳрүнүн жетишкендиктери менен айырмаланган кызматкерлер аныкталып, алар "Ѳз кесибинин мыктысы" деп табылды.

Жыл мыктыларына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын атайын дипломдорун, сыйлоо тасмаларын жана акчалай сыйлыктарды башкармалыктын башчысы Марлис Асанов тапшырды жана каалоо-тилектерин айтты.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы атайын комиссиясынын чечими менен 2021-жылдын мыктылары болуп тѳмѳндѳгү кызматкерлер аныкталды;

-"Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн мыкты оперативдик-нөөмөткери" номинациясына Талас ОИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн оперативдик-нөөмөтчүсү милициянын майору Мамыров Майрамбек Тыныбекович татыды;

-"Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери" номинациясы менен Талас ОИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын капитаны Бактыбеков Темирлан Бактыбекович сыйланды;

-"Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери" номинациясына Кара-Буура РИИБнүн криминалистикалык кызматынын инспектор-криминалисти милициянын улук лейтенанты Ташыбеков Бакыт Медетбекович ээ болду;

-"Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын мыкты участкалык уполномоченныйы" номинациясына Манас РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын капитаны Турсунбаев Дасен Нышанбаевич татыды;

-"Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү" номинациясы менен Талас ШИИБнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Ашымбеков Ноорузбек Болсунбекович сыйланды;

-"Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери" номинациясы менен Талас ШИИБнүн криминалдык милиция кызматынын издөө иштери боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын улук лейтенанты Кулубаев Чынгыз Аманбекович сыйланды;

-"Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын мыкты участкалык инспектору" номинациясына Талас РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын участкалык инспектору милициянын улук лейтенанты Алмасбеков Самат Алмасбекович татыды;

- "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери" номинациясы менен Бакай-Ата РИИБнүн баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын улук лейтенанты Шерматов Урматбек Курбаналиевич сыйланды;

- "Милициянын кайгуул күзөт кызматы взводунун мыкты милиционери" номинациясына Талас ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматы взводунун милиционери милициянын улук сержанты Касымбеков Ынтымак Керимжанович ээ болду;

- "Жылдын мыкты спортчусу" номинациясына ИИМдин АПБнын АООнун Талас облусу боюнча командири милициянын майору Ботбаев Айдар Мейманбекович татыды.

Андан тышкары башкармалыктын "Мыкты ардагерлер кеңеши" болуп Талас ОИИБнин "Ардегерлер кеңеши" аныкталды.

Талас ОИИБдин Басма сѳз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД