Товар ташууда навигациялык пломбаны колдонууну тестирлөө узартылды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу авто унаа менен товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду узартты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, пилоттук долбоор 2022-жылдын 15-февралына чейин иштейт.

Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу автотранспорттук каражаттар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин контролдоону камсыздоо жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат.

Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба эшиктердин бекитүүчү

түзүлүштөрүнө жана транспорттук каражаттын (контейнердин) жүк турган бөлүктөрүнө илинет.

Пилоттук долбоорго Кыргыз Республикасынын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – "FORESTER", "Сибирь Трейд", "Глобал Риверс", "Крона Трейд", "Тобако Маркет", "Росс Табак" ЖЧКлары катышууда.

Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн транспорт каражаттарынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде орнотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД