Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 5113 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-январынан тартып, 20-январга чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5113 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -40 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -16;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу 27;
-Техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу-114;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 145;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 4771;
309 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.