Бүгүн, 2-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Сотто анын баш коргоо чарасы тандалышы керек.
Саат 10:15те Бабановду сот отурумуна алып кирип кетишти.
Анын алдында Бабанов журналисттерге түшүнүксүз иштер болуп жатканын айтты.
"Бул "беспредел", бардыгы абсурд", - деди саясатчы.
Бабанов 31-майда УКМК тарабынан кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө.