Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыковго операция жасалат

Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыковго операция жасоо пландалууда. Бул туурасында бейтап дарыланып жаткан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, Чолпонбек Сыдыков 20-январда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бир күндөн кийин палатага которулган.

"Бүгүнкү күнгө карата бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда. Алдыда анын бутуна операция жасоо пландалууда", - дешти ооруканадан.

Белгилей кетсек, 20-январда Чолпонбек Сыдыков "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, андан кийин медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ага дарыгерлер алдын ала диагноз коюшканын, бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышы боюнча коңшу Казакстанга нота жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД