Индияда төрт колдуу, төрт буттуу ымыркай төрөлдү

17-январда Индиянын Садар ооруканасында адаттан тыш ымыркай төрөлдү. Анын төрт колу жана төрт буту бар. Жергиликтүүлөр баланы көп колдуу Вишну кудайынын инкарнациясы деп эсептешүүдө.

Баланы кудайдын образы деп эсептегендер аны көрүү үчүн ооруканага агылып келүүдө. Андан тышкары энесине туш-туштан каттарды да жөнөтүп жатышат.

Ымыркай кесарево жолу менен төрөтүлүп, бирок жынысы айтылган эмес. Дарыгерлер бул өзгөчөлүктү энеси кош бойлуу кезинде тарткан кыйынчылыктар менен байланыштырышат. Индиянын экологиясы өтө булганыч болгондуктан мутант балдар жана жандыктар көп жаралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД