25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 25-январда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3 градус жылуу болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД