Ырчы Анжелика кыйган бактар боюнча комиссия текшерүү иштерин жүргүзөт

Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Түп районундагы бак-дарактардын кыйылышынын мыйзамдуулугун териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Экологиялык милиция жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүп, жерине барып, эгерде бул иште мыйзамсыз бак кыюу фактысы аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген делген) жооптуу адамдар жазага тартылсын", - деген Кожоев.

Белгилей өтсөк, ырчы Анжелика былтыр кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы, алар 23-январда Караколго бара жатканда унаа тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган. Ушул жылдын 22-январында дал ошол бак жергиликтүү тургундардын, элдин колдоосу менен кыйылганы айтылган.

Андан соң ырчы аягы бүтпөгөн талкууга жооп жазып, 10 жылдан бери бактарды отургузуп келерин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД