Адахан Мадумаров эртең кайрадан суракка барат

Эртең, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан суракка барат. Бул тууралуу саясатчы бүгүн сурактан чыккан учурда айтты.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө. Мадумаров ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен болгон жыйында Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жоктугун, ал иш Башкы прокуратурада экенин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД