"Бишкек башкы архитектура" "Ала-Тоо" аянтын өзгөртүүнү сунуштады (сүрөт)

"Бишкек башкы архитектура" ишканасы шаардын борбордук бөлүгүн жана эски аянтты, Ч.Айтматов атындагы Эмен сейил багын, борбордук "Ала-Тоо" аянтын камтыган аймакты калыбына келтирүү боюнча бир катар эскиздерди иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, долбоорлордун максаты - калаанын эстетикалык көркөмдүгүн арттыруу.

"Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянт да жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайсыз транзиттик тилкеден, башка көрктөндүрүү элементтерин алмаштыруу менен мурда тосмо болгон жерлерге отургучтары бар коомдук жайга айландыруу керек.

"Ала-Тоо" аянтына бак-дарактарды отургузуп, эски фонтандарды башка, заманбап фонтандарга алмаштыруу зарыл. Ошентип аянт жылдын бардык мезгилинде жайлуу аймакка айланат.

Мындан тышкары, аянтка чоң көлөмдөгү ийне жалбырактуу дарактарды, балатыларды отургузууну сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД