Кайгуул милициясы жүргүнчү ташыган фирмалардын айдоочулары менен жолугушту

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү авто бекеттеги сырткы жана ички каттамдарга каттаган маршурттук жана таксилердин фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Жибек-Жолу көчөсүнүн Жаш-Гвардия бульварынан тартып, батыш авто бекетине чейинки бөлүгүндөгү туура эмес токтогон таксилерди, ошондой эле өкмөтүк жолдун жээгинде жайгашкан батыш автобекеттин айланасындагы туура эмес токтоткон авто унааларды тазалоо, иретке келтирүү боюнча талкуулар орун алды. Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан фирмалардын жетекчилерине авто унаалар көрсөтүлгөн жерлерде кана кардар күтүп туруусу, каттамга чыгаарда техникалык жана наркологиялык көзөмолдөрдөн өтүүсү, ошондой эле жүргүнчүлөдүн коопсуздугу үчүн санитардык-эпидемологиялык талаптардын толук сакталышын көзөмөлдөп турулуусу эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД